Pesni.co » Новинки музыки » Мирбек Атабеков - Кечки Бишкек

Мирбек Атабеков - Кечки Бишкек

Мирбек Атабеков - Кечки Бишкек слушать песню
  • Просмотры: 0
  • 12-04-2024
  • 320 kbps, 10.04 Mb, 4:19
  • Формат: mp3
Скачать mp3

Мирбек Атабеков - Кечки Бишкек текст песни

Кечки Бишкек - мен көргөн тагдырга болдуң себеп
Музга айланган көңүлдүн дартына жообуң керек

Азыр кайда? Азыр кайда?
Айтчы мага?
Бакытка балкыган
Жан дүйнөм чалкыган - жаным!

Жалындаган, жараланган жүрөгүмдү
Сен аны билбейсиң
Сен аны сезбейсиң
Сен мендей сүйбөйсүң - жаным!

Суктанып караганың
Көңүлдү баалап аяганың
Андагы мамилеңди
Мен кимден табаламын?
Ой баскан санааларым
Оорубас дүйнөм жараладың
А балким, жолугуп мен
Айткым келет сага баарын

Кечки Бишкек - унутулгус күндөрдү кылдың белек
Ал кездерде айттырбай түшүнүп жүргөн элек
Жүргөн элек

Азыр кайда? Азыр кайда?
Айтчы мага?
Бакытка балкыган
Жан дүйнөм чалкыган - жаным!

Жалындаган, жараланган абалымды
Сен аны билбейсиң
Сен аны сезбейсиң
Сен мендей сүйбөйсүң - жаным!

Суктанып караганың
Көңүлдү баалап аяганың
Андагы мамилеңди
Мен кимден табаламын?
Ой баскан санааларым
Оорубас дүйнөм жараладың
А балким, жолугуп мен
Айткым келет сага баарын
Другие треки Мирбек Атабеков
Похожие песни
Комментарии (0)
Комментировать
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

00:00
00:00